Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатууга катышат

Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 2898 | 1

Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровго каза болгон апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катушууга уруксат берилди. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Адвокаттын айтымында Садыр Жапаров бүгүн түштө кичи мекенине жөнөп кетет.

Садыр Жапаровдун апасы Кадича Жапарова узакка созулган оорудан соң кечээ кайтыш болгону кабарланган.

Маркум эне эртең 9-март күнү саат 11:00 дө Ысык-көл облусунун Түп районунун Кең суу айылында акыркы сапарга узатылат.

Саясатчынын энеси каза болгону тууралуу кабар белгилүү болоору менен социалдык тармактарда Садыр Жапаровду энесинин жаназасына катышууга уруксат берүү боюнча Президент Сооронбай Жээнбековдун атына көптөгөн кайрылуулар айтылган.

Эске сала кетсек, саясатчы камакта жатканда буга чейин атасынан да айрылган болчу. Атамбаевдин бийлиги тушунда атасына топурак салууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Садыр Жапаров 2013-жылы «Каракол шаарындагы митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалып, 11 жыл, алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал боюнча мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу камактагы үч миңге жакын жарандын, анын ичинде саясатчы Садыр Жапаровдун иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирген. Жогорку сот Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгилеген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM