Биз менен байланышыңыз

Голливудда чуу: Уилл Смит Ричард Уилямстын ролун ойной албайт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 929 | 0

Голливуд атактуу теннисчилер Винус жана Серена Улиямстар тууралуу фильм тартуу алдында турат. Бул тууралуу BBC кызматы жазды.

Ричард Улиамс теннисте, дегеле спортто профессионалдык тажрыйбасы жок экендигине карабай кыздарын өз алдынча машыктырып, дүйнөлүк эң жогорку аренадагы спортчуларга айлантты. Кызы Серена Уилямс бир нече жылдан бери чоң төрт биринчиликтин финалисти болуп саналат.

Ал арада көпчүлүк күйөрмандар теннисчи кыздардын атасы жана машыктыруучусу Ричард Уилямстын ролун Уилл Смиттин аткарышына каршы болушууда. Себеби анын териси жетиштүү кара эмес болсо да, Голливуд колоризм саясатынын артында мындай чечимге келгенин айтышууда.

Ал эми актердун өзү бул тууралуу эч нерсе айта элек.

Эске салсак, «колоризм» түшүнүгү илгертен эле бардык расада жолукчу жагдай. Анда терисинин түсү агырак, ачыгырак болгондорго артыкчылык берилип, биринчи планга коюлат. Негроиддердин чымкый кара болгондору фильмдерге жана мода көрсөтмөлөрү үчүн подиумдарга сейрек гана чыгары нааразылыктарды жаратып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM