Биз менен байланышыңыз

Ди Каприо менен Брэд Питт бирге фильмге тартылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 656 | 0

Голливуддун «жылдыздары» Леонардо Ди Каприо менен Брэд Питт атактуу режиссёр Куентин Тарантино тарткан «Once upon a time in Hollywood» (Күндөрдүн биринде Голливудда) аталышындагы фильмге тартылышууда. Фильмди тартуу учурундагы кээ бир көрүнүштөр долбоордун расмий баракчасынан социалдык желеге жарыяланды. Бул тууралуу CNN Turk жазды.

Фильм 70-жылдарда Голливудда болуп өткөн окуяларды чагылдырат. Ди Каприо кезинде атактуу болгон артист Рик Далтонду, Бред пит болсо анын дублёру Клиф Буздун ролун жандандырат.

Булардан сырткары Маргот Робби, Тимоти Олифант, Люк Перри, Скут МакНейри, Дамиан Левис жана Эмили Хирш сыяктуу атактуу актерлор фильмде рол жаратышат.

«Once upon a time in Hollywood» фильми ушул жылдын жайында көрүүчүлөргө сунулмакчы.

Кошумчалай кетсек, фильмди тартып жаткан Тарантино Оскар сыйлыгынын ээси. Ал бир нече жылдан бери чыгармачылыкта тыныгуу жасап, кайрадан киришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM