Биз менен байланышыңыз

Медиация — талашты чыр-чатаксыз чечүү жолу

Коом | 8 Мар 2019 | 859 | 0

Кыргызстанда “медиация жөнүндө” мыйзам 2017-жылы 22-июнда кабыл алынып, 2018-жылдын 11 февралында күчүнө кирген. Буга байланыштуу Бишкекте Жогорку Сот тарабынан Медиация институтунун 1 жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын болуп өттү.

Улуттук медиация борборунун коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлсина Кожоярованын айтымында, Кыргызстанда жаңы иштеп баштаган медиация институту талаштуу маселеде эки тарапты орток пикирге келүүгө жардам көрсөтөт.

-Медиация бул сотсуз, соттон тышкары талаштарды, чыр-чатактарды чечүү ыкмасы. Бир иш сотко киргенде карама-каршылык болот. Ал эми медиацияда каршы пикирлерди жоюп, эки тараптын тең кызыкчылыгын камтыган туура чечимди табуу. Мисалы: бала талашып сотко кайрылганда, баланы атасына же апасына берет. Бала ортодо жабыр тартат. Медиция бул маселени чечүү жолун издейт.

Медиация жолун медиатор алып барат. Медиаторторлук кесипке сөзсүз түрдө юридикалык билими барлар гана келет деген талап жок. Бул тууралуу “Республикалык медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин Байкоочу кеңешинин төрайымы Чинара Курбанова айтты.

-Медиация жөнүндөгү мыйзамдын 9-беренесинде айтылган. 25 жаш курактан жогору, жогорку билимдүү, медиация жөнүндө окугандыгы тууралуу сертификат алган жана республикалык медиаторлор коомдоштугунан күбөлүк алган өз ишин медиатор катары алып барганга укуктуу. Юристтер же жалаң гана психологдор окушу керек деген чек жок. 

Азыркы күндө мыйзамдын негизинде мамлекет же мамлекеттик органдар менен талаш-тартыш болгондо жана кылмыш иштеринде медиация колдонулбайт. Медиаторлорго кайрылуу же кайрылбай коюу ар бир жарандын өзүнүн иши. Бирок үй-бүлөлүк же коммерциялык майда-чүйдө маселени медиация аркылуу чечүү жеңилирээк.

“Медиация жөнүндө” мыйзамдын иштеп кетүүсүнө IDLO уюму жардам берген. Аталган уюм медиаторлорду окутуулардан өткөргөн. Бул уюмдун сот реформасы боюнча кеңешчиси Дилбара Максимбекова окутуу курстары акысыз жүргүзүлгөнүн айтты.

-2015-жылдан баштап USАID- IDLO долбоорунун алкагында медиация жөнүндө мыйзамды иштеп чыгаруу жана алга жылдырууга колдоо жүргүзүлгөн. Бул долбоордун алкагында республикалык медаторлордун коомун түзүү боюнча көмөк көрсөтүлгөн. Ошондой эле медиаторлорду акысыз окутуу курстары уюштурулган. Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча 85 медиатор окутулду.

Бүгүнкү күндө мыйзам боюнча медиаторлор бейөкмөт уюмдарда иштейт. Эгер медиатор өз алдынча иш алып барам десе, коммерциялык эмес уюм түзүшү керек. Мындан сырткары Кыргызстанда учурда медиация боюнча улуттук борбор жана юридикалык компания бар. “Республикалык медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин медиатору Алмаз Акматалиев аталган институт ишке киргенден бери топ кайрылуулар түшкөнүн билдирип, анын ичинен 70ден ашык жарандын маселеси чечилгенин билдирди.

-Кыргызстан боюнча 2000ден ашуун маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү. Анын ичинен 250дөн ашык медиативдик процедуралар жүргүзүлдү. Жолугушуулардын ичинен бүгүнкү күндө 70тен ашык иши медиативдик макулдашуулардын негизи менен талаштар чечилди.

Учурда медиаторлор акысынын атайын прайс-баракчасы түзүлө элек. Бирок улуттук медиация борборунун өзүнүн баасы бар. Анда коммерциялык талаш-тартышка 6000 сом, ал эми үй-бүлөлүк маселелерге 3000 сом алынат. Бул баа сотко салыштырмалуу арзан экени айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM