Биз менен байланышыңыз

Бүгүнкү күндө аялдардын коомдогу орду кандай?

Коом | 7 Мар 2019 | 6477 | 1

Кыргыз эли байыртан аялды аздектеп аяр мамиле кылып келген. Анткен менен кийинки жылдары аялдар өздөрүн күчтүү сезип, эркектердин камкордугуна муктаж эместигин көрсөткөн сайын, коомдо аялдар энелик жана жар катары гана милдетин аткарышы керек деген көз караштар көбөйүп барат. Бүгүнкү күндө аялдардын коомдогу орду кандай?

Кыргыз аялы деген ким? Бул суроого ар бир кыргызстандык өзгөчө жооп бериши мүмкүн. Анткени кыргыз аялынын бүгүнкү образы билим алууда, каражат табууда жана нарк-насилди сактоодо күчтүүлүгүн көрсөтүүдө.

Аял бир эле учурда эне, спортчу, тарбиячы, бизнес-леди, демек үй-бүлөнүн кутун сактоо үчүн аял бардык сапаттарды өзүнө сиңирип жатат. Ошону менен коомдогу орду жогорулап баратканын Гулмира Барктабасова айтат.

— Азыркы заманда аялдын орду бир аз көтөрүлүп эле келе жатат деп ойлойм. Себеби ыйманга келишип, бири-бирин туура түшүнүшүп, үй-бүлөлүк мамилелер оңолуп жатат.

Бирок буга Канышай Эргешбаева кошулбайт. Анткени аялдар каражат табууга өзгөчө маани берип, билим артта калып жатат.

— Заманга жараша негизинен айымдар өтө жогору болушубуз керек. Бирок андай болгонго биздин илимибиз төмөнүрөөк десем болот.

Анткен менен глобалдашуу доорунда техника менен технологиянын өнүгүшүнөн улам аялдардын коомдо, үй-бүлөдө алган орду, аткарган милдети өзгөрүп баратат. Мындан улам аялзаты өзүнүн ордун жана баркын билүүгө Зулфия Маратова чакырат.

— Кыргыз элинде, маданиятыбызда аялзатынын орду аябагандай эле чоң. Бирок учурда айымдар башка нерсеге алаксып, ушул нерседен чыгып кеттик. Эгерде терең ойлонуп, өзүбүздүн асыл сапаттарыбызды, мээримдүүлүктү, назиктикти, аялдык мүнөздү жогорулатпасак, көп нерседен кол жууп калышыбыз толук мүмкүн.

Коомчулукта аялдын негизги аткара турган үч милдети баса белгиленип айтылып келет. Анын биринчиси — үй-бүлө. Ал өзүнө ден соолукту, тарбияны камтыйт. Демек аял эң ириде аң-сезимдүү, билимдүү болушу керек. Бул жаатта айымдар өз милдеттерин жана жоопкерчилигин сезе баштаганын Гулмира Айталиева билдирет. Анткени эне бул коомдун эртеңки күзгүсү болуп саналат.

-Азыр деле окуган билимдүү, илимдүү аялдар көп. Жаш кыздар деле каалаган кесиптин ээси болуп, дүйнө таанымы кеңейип жатат. Саясат жагынан карап көрсөк мурункуга салыштырмалуу көп эле болуп калды деп ойлойм.

Мындан улам акыркы жылдары аялдардын статусун жогорулатуу боюнча айрым саясатчылар  айтып жүрүшөт. Буга мисал катары мамлекеттин чечим чыгаруучу органдарда аялдардын квотасы аз экенин белгилеп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM