Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы айымдарга майрам тартуулады

Коом | 7 Мар 2019 | 951 | 0

Кирип келген жаз айын утурлай Бишкек шаарынын мэри борбордо жашаган айымдарды майрамы менен куттуктады. Борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрына чогулган айымдар үчүн концерт коюлуп, соңунда келген меймандарга белектер берилди.

Майрамдык иш-чарага борбор калаадагы 800дөн ашуун айымдар чогулду. Тагыраагы Ленин, Свердлов, Биринчи май жана Октябрь райондорунда эмгектенген мугалимдер, баатыр энелер, пенсионерлер жана башкалар болду. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жалпы аялзатын майрамы менен куттуктап, аларга жылуу сөздөрүн айтты.

Майрамдык концерттин жүрүшүндө маданият өкүлдөрү өнөрлөрүн тартуулады. Мэрия тарабынан айымдарга белектер таратылды. Иш чарага келген меймандарды сөзгө тартып, маанайын сураганга үлгүрдүк.

-Маанайым абдан соонун. Кеп белектин баасында эмес, бизди атайын чакырып, көңүл буруп койгону чоң белек десем болот.

-Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде болду. Жыл сайын жаз айын чыдамсыздык менен күтөм. Бул мэрия тарабынан уюштурган концертке жыл сайын келем. Мага жагат.

Мэрия быйыл аял затына өзгөчө көңүл бурууга аракет кылган. Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын орун басары Тургун Токтосун уулу колдон келишинче жаз майрамын эсте калаарлык кылып өткөрүүгө аракет кылгандыгын билдирди.

-Быйылкы иш чарада көп эле өзгөчөлүктөрдү киргизгенге аракет кылдык. Маанай, кайталангыс көз ирмемдерди тартуулай алдык деген ишеничтебиз. Айымдардын жашообуздагы орду чоң. Аны биз тана да албайбыз.

Аял заты кандай кырдаал болбосун, кайсы жерде жүрбөсүн мырзаларга дайыма жөлөк болуп, мээримин төгүп келет. Октябрь районунун жашоочусу Айнагүл Чолова кыргыз коомчулугунда аялдын орду чоң экенине токтолду.

-Кыргызстанда жашаган айымдардын жасап жаткан иштери жүрөк жибитерлик. Кандай гана маселе болбосун эркектер менен тең тайлаша жасап, салымын кошуп жатканы жакшы кадам десем болот.

Шаардык мэрия жыл сайын иш-чараны Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүп келчү. Бул жылы айымдарды опера жана балет театрында куттуктап жатышы өзгөчөлүк экенин мэриянын маданият башкармалыгынын жетекчиси Урмат Белекбаев билдирди.

-Бүгүнкү иш чара атайын мэрия тарабынан уюштурулуп жатат. Өзүңүздөр күбө болуп тургандай жылдагыдан өзгөчө болсун деп опера балетти тандап алганбыз. Шаарыбыздагы төрт райондо жашап жаткан ардактуу апаларыбызды, баатыр энелерди куттуктап жатабыз.

Кошумчалай кетсек, ушул күндөрү өлкөнүн ар бир аймагында аялзатынын майрамына карата ар кандай майрамдык кечелер уюштурулууда.

Copyright © 2017 Maral FM