Биз менен байланышыңыз

Орусияда өрттөн жабыркаган кыргызстандык каза болуп калды

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 552 | 0

Орусиянын Владимир облусундагы заводдон чыккан өрттө жабыркаган жарандардын бири каза болуп калды. Бул тууралуу «Маралга» Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Анын айтымында, учурда элчиликтин кызматкерлери сөөктү мекенине жеткирүү боюнча иш алып барышууда. Ал эми өрттөн жабыркаган экинчи жарандын абалы орто.

Эске салсак, 5-март күнү кечки саат 18:15 чамасында «Русджам» айнек чыгаруучу заводдун аймагында өрт чыгып, жети киши жабыркаган. Анын экөө Кыргызстандын жарандары болчу. Дарыгерлер жабыркагандардын абалы оор экенин айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM