Кыргызстанда полиэтилен баштыктарына тыюу салынышы мүмкүн. Буга байланыштуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары иштеп чыккан. Анын негизинде полиэтилен баштыктарын ыргыткандарга 7 миң сомго чейин айып пул каралат. Бишкекте бул маселени эксперттер тегерек столдо талкууга алышты.
Жогорку Кеңештин депутаттар тобу өлкөдө полиэтилен баштыктары менен пластик идиштерди өндүрүүгө жана ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Эгерде ал талаптар сакталбаса, административдик, материалдык жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда.
Өткөн жумада Ысык-Көлдүн аймагына желим баштыктар менен идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн. Кыргыз өкмөтү полиэтилен баштыктарды жана желим идиштерди колдонууга тыюу салуу боюнча маселени карап көрүүнү сунуш кылган.
Бул маселе боюнча тегерек стол да өтүп, ага тиешелүү кызматкерлер катышты.
Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү таза бойдон жаш муунга өткөрүп берүү керектигин билдирди.
Анын айтымында, көлдүн жээгине полиэтилен баштыктарын таштап кетишет. Тилекке каршы таштандыларды кайра иштеп чыгара турган бир дагы завод жок.
-Полиэтилен баштык маселеси чоң көйгөй. Анын экологияга тийгизген зыяны абдан курч экени белгилүү. Өткөн жылы Ысык-Көлдү кесип өтүү максатында 5 саат 16 мүнөт 5 секунд көлдүн тескейинен күнгөйүнө чейин сүзүп өткөм. Ошондо сүзүүгө тоскоол болгон балык кармоочу торлор, тоодой үйүлгөн целлофан баштыктары менен желим бөтөлкөлөрдү көрүп таң калгам. Эгер аркы жээкке аман-эсен сүзүп чыксам, бул көйгөйдү көтөрүп чыгам деп ниет кылган элем. Таза Ысык-Көл деген коомдук фондго мүчө болуп киргенмин. Май айында көлдүн түбүнө түшүп видео материал жасап, элге көрсөтөйн деп жатамын. Көлдүн түбүнө түшүп кеткен полиэтилен баштыкчалар жана бөтөлкөлөр аз дегенде 500 жыл кармалып турат экен. Башкача айтканда Ысык-Көлүбүздүн түбү дем албай калды. Анын кесепетинен балыктар жоголууда.
Полиэтилен баштыктарын колдонуудан көп мамлекет баш тартты. Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев аталган облуста полиэтилен баштыкчалары биринчи көйгөй болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, полиэтилен баштыкчаларын колдонууга тыюу салууга убакыт келип жетти. Буга байланыштуу мыйзам долбоорду эртерээк кабыл алуу керек.
-Азыр аталган баштыкчалар талаада, бак-дарактарда жана көлдүн ичинде да болуп жатат. Биз аны колдонууга тыюу салышыбыз керек. Буга убакыт деле келди. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленип, бирок колдоо таппай калган. Бул ирет колдоо табат деп үмүттөнөбүз. Көчмөндөр оюнунда биз полиэтилен баштыкча, пластик идиштеринин калдыктарын чогултуп жүрүп эле күнүбүз өттү. Талаадагы таштандыны жыйнап, чогултуу оңой, көлдүн ичине кирип кеткен калдыктарды жыйноо чоң машакат.
Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.
Депутаттар желим баштыкты коомдук жайда ыргыткандарга 17 миң, ал эми аны өрттөгөнү үчүн 23 миң сомго чейин айып пул салууну айтышууда.
Бул мыйзам долбооруна бизнес коомчулугу каршылыгын билдирип келет. Эгерде документ кабыл алынып калса, ишкерлердин ири чыгымдарга учурай турганы айтылууда.
Ал эми экологдор аталган маселени чечүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын киргизүүдө.
Өткөн жылы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттикттиги өлкөдөгү таштанды таштоочу жайларды иликтеп, инвентаризациялап чыккан. Анын жыйынтыгында 406 таштанды калдыктарды сактоочу жай бар экени аныкталган. Андагы таштандылардын 26 пайызы полиэтилен баштыкчалары болуп чыкты. Бул тууралуу аталган агенттиктин директорунун орун басары Арсен Рыспеков билдирди.
-Ал эми Ысык-Көлдөгү таштандылардын морфологиялык курамында пластмассалык буюмдар 40 пайызын түздү. Полиэтилен баштыкчаларына тыюу салуу этап боюнча жүргүзүү сунушун берип жатабыз. Биринчи Ысык-Көлдө, андан кийин өлкөнүн түштүк аймактарында кабыл алынса.
Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бир жолу колдонула турган желим буюмдардан баш тартып, «жашыл экономиканы», айлана-чөйрөнү коргоону көздөгөн бул демилгени колдоого коомчулукту чакырды. Аталган уюм Кыргызстандын табиятын желим буюмдар, баштыктар каптап, айлана-чөйрөгө чоң зыян келтиргенин эскерткен.