Биз менен байланышыңыз

Ооганстандын борбору Кабулда жардыруу катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 527 | 0

Ооганстандын борбору Кабулда жардыруу катталды. Бул тууралуу Pajhwok маалымат булагы жазып чыкты. Маалыматка ылайык жардыруу 13-полиция округунда болгон. Каза болгондор жана жапа чеккендер боюнча маалыматтар айтыла элек.

Ал арада TOLOnews телеканалы үч жардыруу угулганын билдирген. Окуя моджахеддердин лидери Абдула Али Мазаринин өлгөнүнүн 24 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш чара өтүп жаткан жайга жакын жерде болгон.

Эскерүү зыйнатына көптөгөн ооганстындык саясий ишмерлер чогулганы кабарланат.

Copyright © 2017 Maral FM