Биз менен байланышыңыз

«Русджам» заводундагы өрттө жабыркаган кыргызстандыктар акысыз дарыланат

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 569 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Орусиянын Владимир облусунун Гороховец шаарындагы айнек буюмдарды жасоочу «Русджам» заводунда чыккан өрттө Кыргызстандын жети жараны жабыркады, деген кабар тууралуу билдирүү таратты.

Бул тууралуу министрликтин Маалымат Департаменти бүгүн билдирди.

Жабыркагандардын арасында кыргызстандын 2 жараны болгон. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерибиз жаткырылган Нижний-Новгород облусундагы оорукананын жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышып, жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат алышкан. Ошондой эле, жабыркаган жарандарыбызга акысыз медициналык кызмат көрсөтүү маселеси сүйлөшүлгөн.

Элчилик Владимир жана Нижегородский областтарына барып, кырсыкта жапа чеккен мекендештерибиз, ООО «Русджам» заводунун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп келүүнү пландап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM