Биз менен байланышыңыз

Баткен: Дыйкандардын күйүчү-майдын кымбаттыгы

Коом | 7 Мар 2019 | 998 | 0

Баткенде жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүүдө. Бирок дыйкандарды күйүүчү майдын баасы түйшөлтүп жатат. Учурда жер айдоо иштери башталгандыктан, дизелдик майга муктаждык күчөп, 1 гектар жер аянтына техниканын кызматы үчүн 5 миң сомго чейин каражат чыгымдалууда. Баткен району боюнча 8 миң гектардан ашуун жер аянтын айдап себүү пландалган. Бул жумуштар июнь айларына чейин толугу менен бүткөрүлүүгө тийиш.

Баткен районунун аймагында 8 миң гектар жерге айдап себүү иштери пландалган. Бүгүнкү күндө анын 300 гектарында айдоо иштери жүрүп жатат. Жалпы 41 гектарына кылкандуу дан эгиндери себилип бүттү. Бирок дыйкандарды күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттыгы түйшөлтүүдө.

Максатбек Оморов 20 гектар жер аянтына арпа себүүдө. Атайын долбоордун алкагында 4 тонна үрөөн жана жер семирткичтер акысыз берилген. Ал эми жерин айдатуу үчүн техника чыгымдарын өз каражатынан төлөйт. Күйүүчү майга болгон баанын кымбаттыгы дыйкандын башка жылдарга салыштырмалуу чыгымын көбөйттү.

-Азыр айдатып эгинди жалпы эгиши 5 миңге чамалап атат. Негизи бизге күйүүчү май арзаныраак болсо жакшы болмок. Ишти баштаганыбызда солярканы 47 сомдон куйуп аттык эле азыр 45 сом 50 тыйындан куйуп атабыз. Бирок бул да кымбат болгондой болуп атат. Кичине арзандаса бардык эле дыйканга жеңил болот.

Жайыт бирикмесинин Баткен облусу боюнча коомдук үрөн фонддорун өнүктүрүү жана түзүү программасынын адиси Батырбек Эшматов Кыргызстанда мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору аркылуу Баткен облусу боюнча 72 тонна арпа үрөөнү 18 коомдук үрөөн фонддоруна акысыз берилгенин айтат. Бул айыл чарбасын өнүктүрүү жана аймактардын тоют базасын чыңдоо, ошондой эле калкты таза үрөөн менен камсыздоо багытын көздөйт.

 -Быйылкы жылы Баткен облусу боюнча 18 коомдук үрөн фонду түзүлүп, баарына 4 тоннадан 1-репродукциядагы гетман арпасы, 10 гектарга жете турган беденин үрөөнү, аммофос арпаны кошуп сепкенге селитра кошуп бердик. Бул алып келинип берилген гранттар бүт бардыгы кайтарымсыз.

Баткен райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Абдипатта Пиназаровдун айтымында Баткен району боюнча жазгы талаа жумуштарына техникалар жетиштүү. Учурда суугат жерлери гана айдалууда. Бул жылы кардын көп жааганынан кайрак жерлерди айдоо иштери кеч башталды. Күйүүчү майлардын кымбаттыгы эле болбосо дыйкандар жазгы талаа жумуштарына даяр.

 -Район боюнча 250гө жакын айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен төртөө каз тамандуу тракторлор. Калганы бардыгы дөңгөлөктүү тракторлор. Техникалардан көйгөйлөр болбойт. Күйүүчү майлоочу майлардын баасы гана болбосо, ал да жетиштүү. 1-июнга чейин толук эгилип бүтөт

Жазгы талаа жумуштарынын мөөнөтү күн санап өтүп жаткандыктан, бир күн болсо да эртерээк куйуучу майдын баасын чечип беришсе дешет дыйкандар. Учурда Баткен шаарында дизелдик күйүүчү майдын литри 46 сомдун тегерегинде сатылууда. Бул баа борборго салыштырмалуу 3-4 сомго кымбат.

Copyright © 2017 Maral FM