Биз менен байланышыңыз

Депутат Мамытов: Өз убагында медициналык жардам көрсөтүү маанилүү

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 705 | 0

Бүгүнкү күндө жаңы төрөгөн, өзгөчө айына жетпей төрөгөн апаларга медициналык жардам көрсөтүүдө түзүлгөн шарт жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер саатында депутат Талант Мамытов айтты.

“Мисал келтирейин, Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына барсаң, дайыма кезек күткөндөр көп. Чоңдор менен жаш балдардын бөлүмү аралаш. Ал жерде дарыгерлер жетишсиз болгондуктан ушундай кезек күткндөр көп болууда. Айтайын дегеним сыркоого  өз убагында медициналык жардам көрсөтүү эң маанилүү”, — дейт депутат.

Депутат саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, бул маселеге жакындан көңүл буруп, ооруканаларда шарртарды түзүп берүүнү өтүндү.

Copyright © 2017 Maral FM