Биз менен байланышыңыз

Ала-Тоону чагылдырган ак калпак

Коом | 5 Мар 2019 | 1340 | 0

Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленип келет. Бул күн улуттук баш кийимди даңазалоо максатында 2016-жылы мыйзам бекитилген. Бул күнгө карата Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада китеп-сүрөт көргөзмөсү жана поэзия кечеси өттү. Көргөзмөгө келгендер ак калпак бир эле күн менен эмес, күндө кийилиши керек деген пикирде.

Ак калпактын тарыхын кагаз бетине ыр түрүндө Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлсайра Момунова түшүргөн. Бүгүн аны жалпы коомчулукка тааныштырды. Анын айтымында, улутту улут кылган анын кийими жана каада-салты.

Момунова сыяктуу бир катар өнөр адамдары бүгүн Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага чогулду. Анткени Ак калпак күнү ири чөйрөдө белгиленип, анын маани-маңызы келген жаштарга сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Иш чаранын уюштуруучусу, Маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев салтка айланган бул майрамды муундан-муунга өткөрүп берүү биздин негизги милдет деп эсептейт.

-Биздин эл улуттук кийимдерге өзгөчө маани берген. Ошол маанини биз бүгүнкү муунга жайылтышыбыз керек. 5-март Ак калпак күнү көп жылдан бери салттуу майрам болуп калбадыбы? Андыктан ушундай сыяктуу иш чараларды көп өткөрүшүбүз керек. Менимче жаштарыбыз даңазалап кийүүдө.

Калпактын тарыхына кайрылсак X-XI кылымдарга барып такалат. Ошол күндөн бери атадан-балага өтүп сакталып келүүдө. Байыртан ата-бабалар калпакка өзгөчө маани берип, жаш куракка жараша кийип келгенин тарых илимдеринин кандидаты Орозбек Солтобаев белгилейт.  Анын айтымында баш кийимдеги ар бир оймо-чийменин өзгөчө мааниси бар.

-Калпактын пайда болушу болжол менен X-XI кылымдарга таандык. Бул баш кийимди жаш курагына карап кийишкен. Тарбилык мааниси да өтө зор. Мисалы, ак калпактагы оюу-чиймелер, кыюуларынан адамдын жаш курагын билүүгө мүмкүн.

Эң алгач Ак калпак күнүн белгилөө керек деген демилгени кинорежиссер Рысбек Жабиров алып чыккан. Бирок мыйзамдуу түрдө белгиленүүсүн депутат Тазабек Икрамов 2016-жылы парламентке сунуштап, токтом кабыл алынган.

-2016-жылы Ак калпак күнү деп биз парламентте токтом чыгарып, белгилеп койгонбуз. Мамлекеттик кызматкерлер ак калпакты киели деп жатышат, мен дагы айтып жатам баарын өзүбүздөн баштайлы. Парламенттин ачылышында кийип, жабылышында калпак менен чыгалы. Элдерге ошол деле үлгү болот.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Жогорку Кеӊеште “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Аны менен катар ак калпакты кор кылгандар үчүн айып пулдар каралууда. Жеке жактарга 1 миӊ сом, юридикалык жактарга 5 миӊ сом айып пул сунушталууда.

Copyright © 2017 Maral FM