Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү бийликте айымдар жокко эсе

Коом , Саясат | 4 Мар 2019 | 996 | 0

Бүгүн 4-мартта Эл аралык айымдардын күнүнө карата “Кыргызстан Аялдары-Тынчтык, Коопсуздук, жана өнүгүү үчүн” аталышында Улуттук форум өттү. Ага бир катар депутаттар катышып, куттуктоолорун айтып, келген айымдарга сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле аялдардын коомдогу орду талкууга алынды.

8-март Эл аралык айымдардын майрамын утурлай борбор калаада аялдардын Улуттук форуму өттү. Анда бир катар маселелер каралып, сыйлыктар тапшырылды. Жыл сайын өтүүчү форумда, айымдардын ар түрдүү көйгөйү каралып, масштаптуу көтөрүлүп келет. Үстүбүздөгү жылда болсо, үй-бүлө коопсуздугун, тынчтыгын сактоо менен үй-бүлө институтун бекемдөөгө маселеси коюлду.

Форумда Финансы кызматынын офицери 2030 аскер бөлүгүнүн чек ара кызматкери, аялдар кеңешинин төрайымы Назгүл Сагынбаева “Даткайым” медалы менен сыйланды. Ал 14 жылдан бери чек ара кызматында эмгектенип, ысык-суугуна күйүп, кесибин сүйүп иштеп келетканын “Маралга” айтты.

-Мен чек ара кызматында он төрт жылдан бери эмгектенем. Бүт эле жакта иштедим. Шамалды-Сай, Айдаркен. Учурда Ала-Букада иштейм. Кыйынчылыктар биздин кесипте сөзсүз болот. Буга чейин көп эле чек арада кыйынчылыктар болгон. Өзбекстан менен келишим түзгөндөн кийин азыр бир аз тынчып калды.

Улуттук форумдун уюштуруучусу, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жергиликтүү айылдык, шаардык кеңештерде айымдардын үнү болушу керек деп эсептейт. Себеби 2016-жылдан бери жергиликтүү кеңеште айымдардын саны кескин азайгандыгын баса белгилеп, 63 айыл өкмөттө бир дагы айым депутаттын жок экенине токтолду.

Жергиликтүү кеңештерде, айылдык, шаардык кеңештерде айымдардын үнү болушу зарыл. Ошондуктан айымдарды көбөйтүп, социалдык иштерди көтөрүп, чечкенге аракет кылабыз.

Аталган иш чарага өлкөнүн бардык аймактарынан аялдар келип катышты. Алардын арасында Нарын районунун акиминин орун басары, саясий илимдеринин кандидаты, профессор, эмгек сиңирген ишмер Роза Жумаева аялзаты социалдык көйгөйдү чечүүдө салымы зор экенин белгилейт. Ошондуктан алардын коомдогу ордун жогорулатуу керек деп, буларга токтолду.

-Бүгүнкү күндө ойго дагы келбеген зордук-зомбулукка аялдарыбыз кабылууда. Мурун кандай эле деп ойлоп коём. Интернеттин заманы болуп, бардыгын көрүп, окуганга мүмкүнчүлүк болгонгобу? Айтор жагымсыз көрүнүштөр көп болуп жатат. Ушундай нерселерди алдын алуу деп бүгүнкү улуттук форумду белгилеп кетким келет. 8-марттын алдында бир чети куттуктап кубандырса, экинчи жагынан аймактарды өнүктүрүүдө айымдардын ролу, орду туурасында кептер болду. Социалдык маселелер ар бир айымдын жүрөгүнөн өтөт. Эркек чоң, акчасы көп гана иштерди чече алат.

Мамлекеттик органдарда иштеп жаткан айымдардын пайыздык көрсөткүчүн карасак, жүз пайыздын 47% на туура келет. Вице-примьер министр Алтынай Өмүрбекова чечим кабыл алуучу деңгээлде айымдардын саны аз деп эсептейт.

-Мамлекеттик органдарда айымдардын көрсөткүчү 47%ды түзөт. Бирок чечим кабыл алуучу деңгээлде азыраак. Ошондуктан бүгүнкү күндө БУУнун көрсөткүчү менен кээ бир баалоолор төмөн болуп жатат.

Форумдун жүрүшүндө келген айымдарга каалоо-тилектер да айтылды. Келе жаткан Эл аралык айымдардын күнү менен коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев куттуктап өттү.

Биз мырзалар үй-бүлө курганга умтулабыз, бирок ал нерсени көбүн эсе айымдарыбыз сактаганга аракет кылат. Балдарыбыз үчүн баарыбыз жакшы, жаркын жашоодо жашашына аракет кылабыз. Ошондуктан күн сайын жумушка бараарда коюлган планды аткарууга болгон күчүбүздү жумшап келебиз. Бул нерсени айымдарыбыз дагы жасап жатышат.

Эске салсак, 2010-жылдын июль айында түзүлгөн «БУУнун Аялдар» түзүмү өзүнүн алгачкы ишмердүүлүгүн Кыргызстанда 2012-жылдын февраль айында баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин аялдардын коомдогу ордун көтөрүү боюнча иш алып барып келет.

Copyright © 2017 Maral FM