Биз менен байланышыңыз

Салык кызматынын төрагасынын орун басары дайындалды

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 509 | 0

Улукбек Самыйбеков Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 4-мартта Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жаңы орун басарды Салык кызматынын борбордук аппаратынын жамаатына Өкмөтүк Аппараттын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы Самат Кылжыев тааныштырды.

Самат Кылжыев тааныштыруу учурунда, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча жаңы функциялардын өткөрүлгөндүгүнө, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун ишке ашырылышына байланыштуу, Өкмөт тарабынан Салык кызматына коюлган бир катар милдеттер туурасында эскертип өттү.

Жаңы орун басар Улукбек  Самыйбеков маалыматтык технологиялар жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу менен байланышкан тармакты жетектөөгө алат.

Copyright © 2017 Maral FM