Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан аялдары – тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн”  форуму болуп өттү

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 850 | 0

Бүгүн, 4-мартта “Кыргызстан аялдары – тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн”  аталыштагы улуттук форум болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Форумда аял затынын коомдогу орду кеңири талкууланып, быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагындагы олуттуу делген маселелер көтөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты коомдогу маанилүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Андан тышкары, аталган форум ар кайсы тармакта иштеген аялдардын кеңешип иш алып баруусу үчүн негизги аянтча катары кызмат кылат.

Жыйында мындан сырткары зордук-зомбулукту жоюу, гендердик теңчиликти сактоо, коопсуздукту коргоо багытындагы маселелер айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM