Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы 17 жылда 10 миң сомго өскөн

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 639 | 0

Кыргызстанда мугалимдердин айлык акысы 17 жылда 10 миң сомго өстү. Мектепте билим берген мугалимдердин маянасы 2001-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 866 сомдон 11379 сомго чейин жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети «Марал» радиосуна билдирди.

Маалыматка ылайык, мында 2001-жылдан 2018-жылга чейинки статистикалык маалыматтар алынган. Маяналарга жыл сайын 1000, 1500 сомдун тегерегинде кошула баштаган. Көбүрөөк өсүш 2010-жылы катталып, 3991 сомдон 6682 сомго жеткен.

Эскерте кетели, мында жалаң мамлекеттик мектептеги мугалимдердин маалыматтары камтылган.

Copyright © 2017 Maral FM