Биз менен байланышыңыз

Молдалиев: Элчинин соттук ишке кызыктар экени ачык көрүнүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2019 | 682 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын соттук иштерге кийлигишип, чечимдерге таасир этүүсү туура эмес. Соттук иштерге элчи эмес, консулдун катышуусу кажет. Мындай пикирин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалым болгондой, Жогорку сот Кырызстандагы “Кайнак” ишканасын Түркиянын фондуна өткөрүү чечимин кабыл алган. Соттук процесстерге Женгиз Камил Фырат өзү катышкан.

Молдалиев түрк элчиси мындай кадамдар менен Анкаранын буйругун аткарганын айтат.

«Элчинин соттук ишке кызыктар экени ачык көрүнүүдө. Элчи соттук иштерге өзү барбай, консулун жиберсе болмок. Консул ордунда жок болсо башка кызматкердерин жиберсе болмок. Бул маселенин моралдык жагы да бар. Бизде соттук системага ишеним жок богондуктан чечимдерге карата күмөндүү ойлор жаралууда. Соттор саясий чечимдерге кирип кетүүдө. Биздин сот дагы Түркиянын сотунун чечимин кабыл алган болушу мүмкүн, Түркиянын бийлигин тааныбай коё албайбыз. Жогорку сот туура эмес чечим чыгарды дегенге негиз жок», — дейт Молдалиев.

Анын билдиргенине караганда, Түркия тараптын Кыргызстандын ички саясатына аралашкан учурлар көп. Кыргызстан ички саясатын бир жолго сала албагандыктан, сырттан келген сунуштарга кылчактап жатат.

«Манас» университетинде көз карашы дал келбеген мугалимдерди жумушка албай койгон. Бул окуу жай келишимге өзгөртүү киргизип, Жогорку Кеңештин каршылыгына карабай ректорлукту түрк тарапка өткөрүп койгон. Түрк лидери Режеп Тайип Эрдогандын дин аалымы Фетхуллах Гүлендин уюму боюнча чечим кабыл алып, террористтик уюм деп аталышы — Түркиянын ички иши. Бирок Ф.Гүлендин уюму боюнча көп иштер туура эмес жасалып жатат деген далилдер бар. Мунун баары келечекте каралат», — дейт Молдалиев.

Дипломатияны көзгө илбеген түрк элчиси

Copyright © 2017 Maral FM