Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды

Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 486 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Алар Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна, ошондой эле Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык,  биринчи жарлык менен 10 талапкер республиканын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.

Экинчи жарлык менен Бишкек шаардык сотуна — Жамиля Абдымомунова, Жалал-Абад облустук сотуна — Өмүрбек Абдыразаков, Шакирали Акбаров, Сүйүнбек Бекташов, Ильяс Ботоев, Каныбек Токтосун уулу, Баткен облустук сотуна — Арзыбай Абдураимов, Мадамин Азимжанов, Нургазы Алимкулов, Гүлмира Кожобекова жиберилди.

Белгилей кетсек, Судьяларды тандоо кеңеши өлкө башчыга Жогорку сотко жана Бишкек шаардык сотуна бирден талапкер, Жалал-Абад облустук сотуна 9 жана Баткен облустук сотуна 4 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизген.

22-февралда мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент республиканын жергиликтүү сотторуна 10 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болгон.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, мамлекет башчысы 5 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM