Биз менен байланышыңыз

УКМКнын төрага орун басары алмашты

Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 1044 | 0

Тимур Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 2-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Тимур Шабданбеков ошол эле учурда УКМКнын төрагасынын орун басары кызматын аркалайт.

Буга чейин УКМКнын 9-кызматынын башчысы Токтосун Сабыров болгон. Ал кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Айта кетсек, УКМКнын 9-кызматы мамлекеттеги биринчи адамдарды кайтарат.

Copyright © 2017 Maral FM