Биз менен байланышыңыз

Ташиевдин уулу италиялык Паоло Росси футбол академиясы менен келишим түздү

Кыска кабар , Спорт | 1 Мар 2019 | 3374 | 3

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмирхан Италиядагы Паоло Росси футболдук Академиясы менен келишим түздү. Бул тууралуу саясатчынын кызы Мээримай Ташиева бүгүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Мээримай ата-энеси, иниси менен чогуу түшкөн сүрөттү баракчасына коюп, инисин Италиянын Паоло Росси Академиясына узатып жатышканын, ал үчүн сыймыктанганын жазган. Бул кабарды чыдамсыздык менен күтүшкөнүн, Келишим Кыргызстандын тарыхында алгачкылардан болуп жатканын Мээримай белгилеген.

3 пикир

3 пикир

  1. Каримова Нартажикан торобаевна

    01.03.2019 15:31

    Эмирханды аллахым озу ар дайым панахында сактап дс гун чын омурун узуун кылсын элибиздин керегине жараган жаштардан болсун

  2. Чынгыз

    02.03.2019 02:41

    Кут болсун! Эмирхан

  3. Жазгуль

    02.03.2019 18:00

    Эмирхандын омуру Узун болсун денсоолугу чын болсун .Кыргызстанга салымын кошуп Жана элге кереги тийген инсан болсун ошондой эле Ата энесин мактоого алып чыкан Эр Азамат жигит болсун

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM