Бүгүн, 28-февраль, бейшембиде Кыргызстан боюнча күн ачык болот. Кыргызгидромет борборунун берген маалымты боюнча Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +13, Таласта +8, Ысык-Көл облусунда +7 градус жылуу болсо, Нарын аймагында -5 градус суук болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ошто +11ге жетсе, Бишкекте күндүн табы +13 градуска чейин көтөрүлөт.