Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус фонду эми аймактарды колдойт

Экономика | 27 Фев 2019 | 705 | 0

Эми Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду “элитный” фонд болбойт. Тескерисинче региондордо өндүрүлүп жаткан продукцияларды  экспорттоого жардам көрсөтөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог»  аталышындагы конференцияда билдирди. Анын айтуусунда, аталган фонддун консультациялык боборлору ар бир облустун борборунда бир жылдан бери иш алып барууда.

-Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду эми мурункудай “элитный фонд” болбойт. Фонд облустарга, аймактарга консультациялык борборлорун ачууда. Мындан ары каражат биздин өндүрүштө өндүрүп жаткан продукцияны кайра иштетүүгө жана иштелип чыккан товарларды экспорттоого көмөк көрсөтөт. Региондорду өнүктүрүү максатында мамлекеттик жеңилдетилген финансылык программалар ишке ашырылып жатат .

Региондорду өнүктүрүүнү финансылык колдоо максатында мамлекеттик жеңилдетилген насыялоо программалары Кыргыз-орус фонду тарабынан ишке ашып келген. Дыйкан Кушбек Мамытовдун айтымында, фондун аймактардагы өкүлчүлүктөрүнүн дыйкандарга жардамы чоң. Мындай мумкүнчүлүктөн пайдалануу зарыл.

-Бул абдан жакшы. Түз байланыш болуп, абдан мыкты иш жүруп жатат. Мындай иш-аракеттер мурунтан жүргүзүлгөндө эчак эле өнүгүп кетмекпиз.

Ал эми ишкер Дастан Суюнтбековдун айтымында, аталган фонд тарабынан сунушталган насыялар дыйкандарга караганда, орто бизнестеги ишкерлерге ыңгайлуу.

-Талаптары жөнөкөй фермерлерге кыйын болушу мумкүн. Бирок каалоосу бар адам иш жургузсө болот. Башкаларга караганда мүмкүнчүлүктөрү абдан жакшы. Чакан бизнеске өтө ыңгайлуу. Насыя алгандан соң 5-7 жылга чейин “каникул” берилет экен. Пайыздык төлөмдөрү да өтө ылдый. Доллар менен алса 5%, сом менен алганда 10% менен. Менин оюмча бул жакшы.   

 Экономист Мейманбек  Абдылдаевдин билдиришинче, берилип жаткан насыялар соодага эмес өндүрүшкө багытталган. Ошондуктан ишкерлерге, дыйкандарга түшүндүрүү керек.  Элге ишкерликти жүргүзүүнү уйрөтүү зарыл.

-Бул насыялар соодага эмес, өндүрүшкө багытталган. Жаштардын баары миграцияда жүрөт. Региондордо өкүлчүлүктөрү ачылганы туура. Аймактарда жумуш орундарын түзүү зарыл. Консультациялык борборлор элге бизнес план түзүүнү, аны ишке ашырууну үйрөтүшү керек.

Белгилей кетсек, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2015-жылы иштей баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM