Биз менен байланышыңыз

КСДП-«КСДП Атамбаевсиз»: талашка түшкөн партия

Саясат | 25 Фев 2019 | 974 | 0

Өткөн аптада КСДП партиясы тизмесин тазалап, жаңыланууга багыт алганын жарыялады. Бул партия жаңы курам менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жетектөөсүндө 2020-жылы парламенттик шайлоого катышууга камданып жатат. Бирок Кыргызстан социал-демократтар партиясын бийлик тартып алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, партияны тартып алуунун артында депутат Асылбек Жээнбеков турат. Партия юридикалык жактан Алмазбек Атамбаевге тиешелүү.

-Азыр КСДП партиясын рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатат. Бирок бул аракеттердин бары жыйынтыксыз болот. Анткени юридикалык жактан устав кимде? Устав бизде. Тагыраак айтканда Сагынбек Абдрахманов журналистер менен сүйлөшүп жатканда өзү балп этип айтып алды: “Асылбек Жээнбеков бизге Иса Өмүркүлов менен жолукканга жардам берди”,- деп. Биздин деле маалымат берип турчу адамдарыбыз бар. Абдрахмановдун тегерегинде, ошол эле ак үйдө. Ошолордон маалымат келип турат Сагынбек Абдрахманов байма-бай жетинчи этажга каттап турат деген. Ушундан жыйынтык чыгарса болот демек, бул кыймылдын артында бийлик турат.

Буга чейин «КСДП Атамбаевсыз» деген ураан менен чыккан кыймыл Сагынбек Абдрахмановдун баштоосунда өлкөнүн аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөргөн. Жыйындарда негизги маселе катары КСДП лидерлигинен  Алмазбек Атамбаевди кетирүү маселеси талкууланган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров партияны бийлик басып алууга аракеттенип жатат деген маалыматты жалганга чыгарды.

-КСДП партиясы бул партиянын мүчөлөрүнүкү. Мамлекетибизде саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдар иштейт. Мыйзамдын негизинде партиянын уставтары, программалары болот. Устав укуткук ченемдик актылардын катарына кирет, ошондуктан уставдын чегинде жасалып жаткан иштердин баары мыйзамдуу болот. Асылбек Шариповичтин “КСДП Атамбаевсыз” кыймылына ачык же көмүскө колдоо көрсөткөнүн байкаганымда, көргөнүм да жок. Андыктан бул куру доомат болушу толук мүмкүн.

Ал эми саясат талдоочу Акылбек Сариев юридикалык жактан аталган партиянын башында экс президент Алмазбек Атамбаев турарын белгилеп,“КСДП Атамбаевсыз” кыймылынын иши партиялык уставка туура келбей тургандыгын айтты.

-Биринчиден өзү эле айтып турат “КСДП Атамбаевсыз” бул кыймыл экенин. Ошол себептен юридикалык жактан анын партияга эч кандай тиешеси болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан партия деген, партия деп аталат. Демек КСДПнын жетекчиси, жетекчилик органдары устав боюнча кимди шайлаган болсо ошолор бүгүнкү күндө иш жүргүзө алат. Ал кыймылга келсек, мыйзам боюнча ар кандай кыймыл түзгөнгө мыйзам жол берет. Бирок алардын партиянын атынан канчалык деңгээлде сүйлөй аларын юридикалык жактан негиздери барбы, жокпу ошону такташ керек. Менимче алардын андай укутары жок.

Жогоруда айтылган пикирлерден улам партия башында ким турат деп элдин да башы айлана баштады. Азыркы тапта элдин эки тарапка тең ишеними кетип баратканын Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын баамында, алдыдагы парламенттик шайлоодо КСДП элдин добушун алам десе түп тамыры менен эки тараптан тең тазалануусу зарыл.

-Эгерде 2020-жылы партиянын башында Алмазбек Шаршенович турса, менин оюмча эл ишеним көрсөтпөйт. Канча суранып, “карганса” да пайдасы болбойт. Атамбаев өзүн көрсөттү, өзүнүн тегерегиндегилер менен көрсөттү. Ал эми “КСДП Атамбаевсыз” кыймылы жөнүндө азырынча бирнесе айтуу кыйын. Тазалануу деп жатышат, бирок алардын арасында да жеп-ичип соттолуп чыккандар бар экен. Менимче тазаланса баардыгынан тазаланыш керек, ошондо эл ишенет.

Айта кетсек, Кыргызстан социал-демократтар партиясы 1993-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө жогорку кеңеште партиянын 37 депутаты бар.

Copyright © 2017 Maral FM