Биз менен байланышыңыз

Путиндин сапарында «Кыргызмунайгазды» сатуу каралабы?

Экономика | 25 Фев 2019 | 912 | 0

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган иш сапарында «Кыргызмунайгаз» ишканасын сатуу маселеси каралышы мүмкүн.

Март айында Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Учурда Кыргызстанда даярдыктар жүрүп жатат. Бирок коомчулукта күн тартибинде каралчу маселелер чоң кызыгууну жаратууда. Анын ичинде  «Кыргызмунайгаз» ишканасын сатуу каралат деген кептер чыгууда.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин орун басары Жыргалбек Сагынбаев  эки өлкө башчыларынын күн тартибине бул маселени киргизүү аракети комитет тараптан жасалып жатканын айтууда.

Владимир Путиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапарында көтөрүлүшү керек болгон көп маселелер көтөрүлүп жатат. Анын ичинде «Кыргызмунайгаз» ишканасын сатууну да күн тартибине киргизип жатабыз. Эми киреби же жокпу азырынча белгисиз. Бул үчүн бизде атайын жумушчу топ дагы иштеп жатат. Бирок алдын ала бир так жооп айта албайбыз. Азырынча белгисиз.

Эл өкүлү Жанар Акаев акыркы маалда ишкана элдеги акцияларды сатып алып жатканы кайсы бир деңгээлде шек жаратып жатканын «Маралга» билдирет. Бул күч колдонуу менен жүрүп жатканы туура эмес саясат жана ишкананы сатууга жеке өзү каршы. Эл өкүлүнүн баамында «Кыргызмунайгаз» кирешелүү тармак.

Өкмөттүн «Кыргызмунайгазды» өнүктүрүү боюнча эч кандай саясаты жок. Буга чейин элдеги акцияларды жакынкы айларда сатып алып жатат. Кочкор-Атадагы көпчүлүк жарандар акцияларын сатууну каалаган эмес. Бирок кыстап болсо да ар кандай жол менен сатып алып жатат. Бул бизге кандайдыр бир шек жаратып жатат. Бүгүнкү күнү бюджетке очойгон акча төгүп жаткан чоң кирешелүү ишкана. Экинчиден биздин Кочкор-Аталык, Ноокендик 2-3 миңдеген адамдар иштешет. Ошондуктан бул жерде өзүбүз иштете албай сатабыз деген туура эмес.    

Анткен менен буга чейин да ишкананы инвесторлордун колуна берүү демилгеси Сапар Исаковдун тушунда көтөрүлгөн. Эксперттердин басымдуу бөлүгү компанияны жандандыруу ишин жеке ишкерлер колго алсын деп чыгышкан. Буга негиз катары ишкана өндүргөн продукциянын көлөмүнүн азайышы, компаниянын ичинде ырааттуулуктун жоктугу болуп келген. Ошондуктан аны дүйнөдөгү белгилүү компаниянын колуна берүү мамлекет үчүн алда канча  пайдалуу болоорун экономист Улук Кыдырбаев айтууда.

Бул ишкананы дүйнөдө бул жаатта тажрыйбасы мол, таанылган компанияларга бериш керек. Булар стратегиялык деп аталганы менен тилеке каршы мамлекетке чындыгында пайда алып келген жок. Алдыга бир дагы планы жок. Ошондуктан эгер сатпайбыз десек, аларды убактылуу башкарууну бул ишти билгендерге берүү керек.

Бүгүнкү күнү бул ишканын 85,16 пайыз акциясы мамлекетке таандык. Азыркы тапта 13 чет элдик компания менен иш алып барат. Өндүрүштөр үч түрдүү мунай продукция чыгарат.

Өткөн жылы дивидент катарында мамлекетке 129 млн сом келип түшкөнүн Мамлекеттик мүлк фонду маалымдайт. Бирок азырынча ишкананы сатуу маселеси күн тартибинде жок экенин айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM