Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуусу ратификацияланды

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 516 | 0

ЕАЭБ менен анын мүчө мамлекеттеринин жана Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Мындай мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.

Аталган макулдашуунун максаты тараптардын ортосундагы экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүү үчүн негиздерди түзүү жана өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM