Биз менен байланышыңыз

Мөөнөттүү аскердик өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 522 | 0

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнөн запаска бошотуу, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкта мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтардын белгиленген мөөнөттөрүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматчылары Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн катарынан запаска бошотулуусу айтылат.

Чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2019-жылдын март–май айларында Куралдуу Күчтөргө, башка аскердик түзүмдөрүнө  мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылуусу талап кылынган.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM