Биз менен байланышыңыз

Мамашова: Текебаев парламентте болгондо кызыктуу болчу

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2019 | 490 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте болгондо кызыктуу болчу. Ал трибунага чыгып, бир маселе көтөрсө, жүрөгүң титиреп кетчү. Тилекке каршы, бүгүн парламентте андай нерсе жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, эл өкүлү парламентти интриганын очогу деп эсептейт.

«Парламентте жалаң гана жакшы нерселер болду деп айта албайм. Кээде адамдар эки эмес, үч-төрт жүздүү экенин көрөсүң. Кээде чыдабай кетип, кесиптештеримдин көңүлүн оорутуп коём. Коррупциянын коргоочуларын көргөндө «адамдар кантип тойбойт» деп ойлойм. Тойбос адамдар аябай көп экен», — дейт Мамашова.

Эл өкүлү кошумчалагандай, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында оппозициядагы депутаттар куугунтукка кабылган учурлар болгон. Бирок бүгүнкү күндө мындай көрүнүш жок.

«Оппозицияда болсок дагы эркин фракция болуп, эч кандай кысууларды көрбөй жүрөбүз», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM