Connect with us

Мечит салсаң, шарты менен сал

Коом | 26 Сен 2019 | 1038 | 0

Парламентте Кыргызстандагы салынып жаткан мечиттерди чектөө боюнча маселе көтөрүлдү. Анда депутаттар мечиттин бүгүнкү күндөгү шарттары, имамдардын билими тууралуу көйгөйлөргө токтолушту. Айрым серепчилердин айтымында, өлкөдө мечиттер жетишерлик санда салынган. Бирок көпчүлүгүнүн сапаты талапка жооп бербейт. Мындан улам «Өлкөгө дагы мечиттер салынышы керекпи же жокпу?» — деген суроонун айланасында сурамжылоо жүргүздүк. 

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева парламенттин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчисинин орун басары Закир Чотаевге суроо берип, мечит салууга кайсы бир деңгээлде чектөө киргизүү планы бар-жогуна кызыкты.

— Негизи мечит салууда атайын көрсөтүлгөн чек барбы, же эч кандай чектөөлөр жокпу? Анткени, баарыбыз билебиз, азыр ар бир айылда экиден мечит бар. Бүгүнкү күндө биз ушундай абалга келип калдык.

Депутаттын суроосуна Закир Чотаев мындай деп жооп берди:

— Учурунда Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы тарабынан диний жайларды иретке келтирүү боюнча жана курууга чектөө киргизүү жөнүндө сунуш берилген. Белгилүү аймакта жашагандардын санына карап, пропорциялык чек коюуну сунуштаган. Бирок бул боюнча так чечим чыга элек.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким Эргешов Кыргызстанга салынып жаткан мечиттердин сапаты канааттандырарлык эмес деп эсептейт. Бишкек шаарындагы эл көп барган мечиттер талапка жооп бергени менен, элет жериндеги мечиттер талапка жооп бербесин баса белгиледи. «Антсе да, мечиттерди салууга чектөө киргизүү — өсүп келе жаткан жаштардын жүрүм-турумуна залакасы тийгизип коюшу мүмкүн», — дейт. Ошондой эле, коомду таза жана туура жолго үндөгөн мекемени салбай коюуну мындайча түшүндүрүп берди:

— Негизи Кыргызстанда бүгүнкү күндө мечиттер жетишерлик санда курулган. Чынында, мечитти коомчулукту жакшы жакка үндөө, баарынын башын бириктирүү максатында салынып жаткан жай десек болот. Эгерде бул нерсеге тыюу сала турган болсок, жаштар башка жакка тартыла баштайт. Ичимдикке берилип, ата-энеге, Мекенге болгон сый-урмат, сүйүү жоголот. Бул — биринчи жагы. Экинчи жагын алып карай турган болсок, мечиттердин шарттары начарлап жатат. Бишкекте ондогон мечиттин шарты, акыбалы жакшы болсо эле, калгандары да ушундай деп айтуудан алыспыз. Айыл жергесинде көп эле салынып жатат. Бирок талапка жооп бербейт. 

Ал арада ишкер Руслан Акматбек: «Мечит салууга бюджеттен каражат кетпесе, коомчулук бара турчу жайлардын курулушуна эч кандай бөгөт койбоо керек», — деди. Ошол эле учурда салынып жаткан мечиттерди тыкыр текшерүүдөн өткөрүп, шартына да көңүл буруп турууну сунуштады.

— Кыргызстан ушул күнгө чейин көп эле нерсеге бөгөт коюп келди. Тыюу салуулар болду. Биз мунун артынан эмнеге жетиштик? Эч нерсеге. Ооба, бизде мечит көп. Бирок бул жакшы да. Жаштар, коом ошол багытка агылат. Мечитте бир гана намаз окуу эмес, адамдык сапаттарды өөрчүтүү, билим алуу жана жогорку сапаттарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бир нерсени кошумчалагым келет, мечит салууда шарттарына да көңүл бурсак.

Маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 2669 мечит каттоодон өткөн. Ал эми каттоодон өтпөгөн дагы 300дөй мечит бар.

«7-апрель шейиттери» мечити ачылды

Copyright © 2017 Maral FM