Биз менен байланышыңыз

Ден-соолугу “чың” өлкөлөр аталды. Алар кайсы өлкөлөр?

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 578 | 0

Блумберг агенттиги ден-соолугу бекем болгон өлкөлөрдүн рейтингин түздү. Анда былтыркы жылга салыштырмалуу 5 орун алдыга жылган Испания башкы сапты ээлеген. Кийинки орунду Италия камтыган. Андан сырткары, Исландия, Япония, Швейцария, Швеция, Австралия, Сингапур, Норвегия жана Израиль өлкөлөрү алгачкы ондукка кирген.

Рейтинг Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, БУУнун калк боюнча бөлүмү жана Дүйнөлүк банктагы статистикаларга таянып аныкталды. Тизмени түзүүдө түрдүү факторлорго жана коопсуздуктарга көңүл бурулган. Мисалы, жашоо шарты, экология жана стационардык абалы, медициналык жардам кызматтары, таза суу, таза аба мүмкүнчүлүктөрү, алкоголдук ичимдиктерди колдонуусу жана ашыкча салмактан кыйналуу сыяктуу фактылар каралган.

Copyright © 2017 Maral FM