Биз менен байланышыңыз

Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 24 маселени карады

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 567 | 0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Россиянын Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында интеграцияны тереңдетүүгө, сооданы өнүктүрүү, бажы жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларын көрүүгө байланыштуу 24 маселе каралды.

Маанилүү маселелердин бири катары Россия жана Казакстандын бажы кызматтарынын навигациялык пломбаларды колдонуу менен автомобилдик транзиттик ташуу мониторинги боюнча эксперименттин жыйынтыктары тууралуу отчету болду. Маселени талкуулаган соң эксперименттин жыйынтыктарын изилдөө жана ЕАЭБ алкагында навигациялык пломбаларга бирдиктүү талаптарды түзүү маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Иш-чарага Армения, Россия, Беларусь, Казакстан Республикаларынын өкүлдөрү катышты.

Copyright © 2017 Maral FM