Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак өкмөт башчылары азыктарга киргизилген чектөөнү сүйлөшүштү

Кыска кабар | 24 Фев 2019 | 492 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Өкмөт башчылар кыргыз айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөөгө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Бул маселени өз ара пайдалуу шарттарда тез арада чечүү жолдору талкууланды.

Аталган маселени чечүү максатында Премьер-министрлер Астана шаарында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашышты. Ага эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Кыргызстандын делегациясы жөнөйт.

Кошумчалай кетсек, 21-февралда Казакстан Кыргызстандан картошка, алма, курма жемиштерин алып кирүүгө тыюу салгандыгы жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM