Биз менен байланышыңыз

2018-жылы төлөм карталарынан 115 миң сом уурдалган

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 564 | 0

2018-жылдын IV чейрегинде уурулар кыргызстандыктардын төлөм карталарынан 115 миң сом уурдашкан (1,6 миң доллар). Бул тууралуу Улуттук банктын статистикалык маалыматтарында берилген.

Бул мезгил ичинде жалпы төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасынын 24 шектүү аракет  жасалган. Алардын 20 сы Visa карталарын пайдалануу менен жана төрт «Элкарт» картасын пайдалануу менен накталай каражаттар уурдалган.

Улуттук банк белгилегендей, каржылык жоготуулардын себеби банкоматтардан жана банктык карталардын  маалыматтарын колдонуп интернет аркылуу чыгарып алуулар болушу мүмкүн.

Учурда бузулган карталар бөгөттөлүп, карта колдонуучулардын акчаларын кайтарып берүү үчүн  иликтөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM