Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк мамилеси: 2018-жылы тышкы соода жүгүртүү 6,7 млн долларга өскөн

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 653 | 0

2018-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 6,7 млн долларга өскөн. Бул тууралуу 22-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү айыл-чарба жана кайра өндүрүү продукцияларын өндүрүү боюнча 2017-жылдын январь-декабрь айлар арасында 38,7 млн долларды түзгөн. Алардын 38,7 млн экспорт болсо, 6,7 млн импорттолгон.

2018-жылдын январь-декабрь айларында тышкы соода жүгүртүү 45,4 млн долларды түзгөн. Аралдын 38,1 млн доллары экспорт болсо , 7,3 млн импорттолгон.

Айыл чарба министирлиги экспорттолгон негизги продукциялар катары фасоль-26 миң тонна (20 млн доллар), пахта буласы- 7,9 миң тонна (12,4 млн доллар) жана консерваланган жашылчалар-1,5 миң тонна (1,3 млн доллар) болгонун маалымдады.

Ошондой эле жаңгак жана жер-жемиштер- 1,7 миң тонна өлчөмүндө импорттолгон. Мындан сырткары аз өлчөмдө азык-түлүк продукциялары да экспорттолгон.

Түркия болсо негизинен Кыргызстанга мандариндерди, түрк таттууларын жана минералдык сууларын жана башка продукцияларын экспорттойт.

 

Copyright © 2017 Maral FM