Connect with us

Чыгашага алып келген жетекчилердин «кара тизмеси» түзүлөт

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 1546 | 0

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун катышуусунда мамлекеттик баланста турган Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын ишинин натыйжалуулугу маселеси боюнча кеңешме өттү.

Кеңешмеге Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын жана бир катар тийиштүү ведомстволордун жетекчилери катышышты.

Замирбек Аскаров өз сөзүндө мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжасыздыгын белгиледи.

«Эс алуучулар арасында суроо-талапка карабастан, пансионаттардан мамлекеттик бюджетке кирешелердин түшүүсү өтөт курч турат. Эгерде 3-4 жылдын киреше көрсөткүчтөрүн салыштырсак, 2017-жылы бул көрсөткүчтөр кыйла төмөн болгон, буга байланыштуу алардын жетекчилери ээлеген кызматтарынан түшүрүлгөн. Ал эми 2018-жылы айрымдары оң, бирок дагы эле минималдуу көрсөткүчтөр менен чыккан. Төмөндөөгө талдоо жүргүзүү жана чыгаша тарткан пансионаттардын директорлорун жоопко тартуу керек. Жетекчини жөн гана кызматынан алып салуу жетишсиз, киреше түшпөй калганын себебин изилдөө жана тергөө зарыл», — деди вице-премьер-министр.

Андан соң жыйындын катышуучулары мамлекеттик ишканаларды чыгашага алып келген жетекчилердин «кара тизмесин» түзүүнү сунушташты.

«Өз активдеринде жүздөгөн миллиондору бар ишканалар, тажрыйбага карабастан, казынага жылына 1-2 миллион сом алып келе албай жатышат. Айрым пансионаттардын кирешелүүлүгү 0,1-3% деңгээлинде, бул абдан төмөн көрсөткүч. Жетекчилер жеке кызыкчылыктары үчүн гана иштеп жаткандай туюлат. Бул пансионаттардын менеджментине жана инфраструктурасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү керек. Мындан ары эч ким мындай иштебеши керек», — деди ал.

Жыйындын соңунда Замирбек Аскаров ММБФ ар бир мамлекеттик ишканалар боюнча ревизия жүргүзүү жана мындан аркы чараларды кабыл алуу үчүн маалыматтарды берүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM