Биз менен байланышыңыз

2019-жылы ИДПнын көлөмү 4,5% жогорулады

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 479 | 0

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 590,0 млрд сомду түзүп, 4,5% жогорулады. Өнөр жай продукциянын көлөмү дээрлик 278,6 млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 21 млрд сомго өскөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү металл кени, негизги металлдар, курулуш материалдары, кийим-кече, чийки нефть, жаратылыш газы жана көмүр казуу, ошондой эле, тамак-аш өнөр жайындагы өндүрүштүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды. Муну менен катар курулуш тармагында 19,6%, айыл чарба тармагында 2,6%, кызмат көрсөтүү – 2,9% өсүш бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында айтылды.

Вице-премьер-министр 2019-жылдын 11 айында тышкы соода жүгүртүүдөгү өзгөрүүнү белгилеп, анын көлөмү 6,2 млрд доллар түзгөнүн кошумчалады.

«Эгерде импорт 6,6% төмөндөсө, экспорттун көлөмү, тескерисинче 9,4% өскөн. Бул өсүш алтын, кен жана баалуу металлдардын концентранты, цемент, керамика өндүрүшү, жер семирткич, мөмө-жемиш жана жаңгак, жашылча жана азык тамырлар, эт жана эт азыктарынын экспортунун көлөмүнүн көбөйүүсү менен шартталды. Импорт товарларды реэкспорттоонун негизинде төмөндөдү. Буга байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 465 млн долларга чейин кыскарган«, — деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Copyright © 2017 Maral FM