Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 8,9%га төмөндөдү

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 612 | 0

Кыргызстанда 2021-жылы январь-февраль айларында болжолдуу маалыматтар боюнча ички дүң өндүрүмдүн (ИДП) көлөмү 71 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова билдирди.

Анын айтымында, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9%га аз.

«Кумтөр» кенин эске албаганда ИДПнын көлөмү дээрлик 64 млрд сомду түзүп, 5,3%га төмөндөгөн. Өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 45 миллиарддан ашык сомду түзүп, 2020-жылдын январына салыштырмалуу 13%га түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM