Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБде товарларды идентификациялоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 543 | 0

Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Мындай мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.

Макулдашуу товарларды ЕАЭБ алкагында бирдейлештирген идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибин аныктайт. Идентификациялык каражаттар менен маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеси Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен бекитилет.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM