Биз менен байланышыңыз

Таанышып алыңыз! Маралдын мырзалары

Блог | 22 Фев 2019 | 2360 | 1

23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата биз сиздерге Марал радиосунда иштеген мырзаларды тааныштырабыз.

Марал радиосунун директору Руслан Акматбек. Директор ар шейшемби күнү өзүнүн “Бизнес клуб” автордук берүүсүн обого алып чыгат. Эң көп колдонгон сөзү:  “Эл-журт, туугандар, бирокчу…”. Аны бир эле иш билгилиги эмес, күлкүсү да өзгөчөлөнтүп турат.

Түмөнбай Абдинаби уулу. Башкы редактордун орун басары, веб-редактор. Сайттын ийне-жибине чейин ушул мырза жооп берет. Универсал жигит. Ди-джей, кабарчы, SMM, деги койчу бардык ишти жөндөп кетчү жайы бар. Айтмакчы, бул жигит учурда 23 жашта, бойдок. Быйыл үйлөнсөм деген ою бар.

Мирлан Самыйкожо. Марал радиосунун көңүл ачуу бөлүмүнүн башчысы. Ал өзүн “кыргыздын жүзү” деп эсептейт. Кандай маселе болбосун оңой чечип, кырдаалдан чыгып кетүү жөндөмдүүлүгү да бар.  Радионун аксакалдарынын катарында болсо дагы, “атка жеңил, тайга чак”. Баса, элдердин Фейсбугу ачык калса, анын атынан пост жазып салмай адаты да бар. Этият болуңуз!

Азамат Максатов –Админстративдик иштер боюнча директор. Бирок бул расмий кызматы. А негизи болсо биздин “үйдөгү” ички проблемалардын баарын ушул жигит чечет. Башкача айтканда, “Маралдын Мистер Пропери”.

 

Марат Аширов-Маралдын үн режиссеру. Бул мырза Марал түптөлгөндөн бери жүрөт. Сиздердин кулакка сиңип калган “Марал, маалыматка даяр” деген жинглды ушул жигит жасаган. Жумушка келсе да, үйгө барса Маралдан “кутулбайт”. Себеби кызынын атын да Марал деп койгон.

Садырбек Саматов — Маралдын жаш журналисти, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жигит. Жумуш дегенде жадагалса тоо-ташка чыккандан да кайра тартпайт. Бирок, чыгаардан мурун ийне-жибине чейин тактайт.

Азат Ажибеков- программист фрилансер. Сайттын техникалык жагын карайт. Маралда майрам күндөрү эле пайда болуп калбаса, жумуштун баарын онлайн бүтүрөт. Анткени анын жумушу ошол эмеспи..

Хикматулла же “Хико” — Систем-админстратор. Бул жигит да офиске чанда келгендердин бири. Биздин компьютерлер менен кудум эле келишим түзүп алгандай. Ал келгенде бузулган компьютер да өзүнөн өзү оңоло түшөт. Баса, компьютерге койгон сыр сөздөрүн унутуп калган жайы бар.

Аваз. Оператор-режиссер. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, бул жигит башка кесипти тандаса, куудул болуп чыгаары аныкталган. Айтмакчы, Маралдагы жаш жигиттердин арасынан ушул гана армияда кызмат өтөгөн. Ватсаппта өзүн аябай эркин сезет. Группага түн ичинде жаза бергенден да кайра тартпайт.

Улукмырза-дизайнер. Маралдын бардык анонс, көрнөк-жарнактарын ушул жигит жасайт. Өзү эми эле 2-курста окуйт. Жумуштун көбүн онлайн жасап бүтүрөт. Бирок кээде оффлайн болуп калчу жайы бар.

Сагын-Ди-джей. Биздин катарга жаңы эле кошулган, башынан калпагы түшпөгөн “патриот” жигит. Бул жигит жылдыз сымал, офисте кечинде гана пайда болот. Себеби кечиндеги “Желешоу”, «Ыр белек» программасын алып барат.

Кабылбек -Марал радиосунун Жалал-Абаддагы кабарчысы. Бизге келген маалыматтар боюнча, Жалал-Абадда «авторитет» журналисттердин бири. Анын урааны: «Көйгөй кайсы жерде болсо, Кабыл ошол жерде».

Жусупбек — Оштогу аймактык кабарчыбыз. Бишкекке келгенди аябай жакшы көрөт. Тагыраак айтканда борборго көп каттайт. Өтө кичипейил мүнөзү бар. Ии баса бул жигит үйлөнгөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Көчкөнбай кызы Мираида

    22.02.2019 21:53

    Кабылбек Көчкөнбай уулу биздин коргоочубуз сиздин келе жаткан 23-февраль Мекен коргоочулар майрамы менен куттуктайм эч качан оорубаң ата-энебиз сыймыктанган жана ошондой эле кыргыз эли сыймыктанган мыкты журналисттердин катарын толуктап жүрө бериңиз, ишиңизге ийгилик.Ошондой эле MARAL FMдин жалпы мырзаларын да куттуктайм иштериңиздерге ийгилик баарыңыздарга ийгилик каалайм!🤗

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM