Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев бир катар жетекчилерге сөгүш жана эскертүү берди

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 687 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн бир катар мүчөсүнө сөгүш жана эскертүү берди. Мындай буйрукка алардын жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы себеп болгон.

-Экономика министри Олег Панкратовго;

— Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага;

— Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбекке;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге;

— Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;

— Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага;

— Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге;

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Рахат Исаковага;

— Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Ниязбек Козуевге;

— Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовго сөгүш жарыяланды.

Ал эми эскертүү алгандардын  тизмеси төмөнкүдөй:

— Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев,

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев,

— Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов,

— Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов.

 

Copyright © 2017 Maral FM