Биз менен байланышыңыз

АКШда Трамптын Венесуэлага кийлигишпөөсүн талап кылган митинг өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 653 | 0

23-февраль күнү Нью-Йорк шаарында «Эл аралык иш аракеттер борбору» уюштурган митинг болот. Бул тууралуу борбордун маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, нааразылык акциясынын максаты-Венесуэлага колдоо көрсөтүү жана АКШ бийлигинин анын ички ишине кийлигишүүсүн токтотуусун талап кылуу.

«Венесуэлада согуш болбосун! Мунай согушуна жол жок!» чакырыгы менен өтө турчу митингге жарандык активисттерден тарта демократияны колдогон бардык тараптардын катышуусу күтүлүүдө.

Уюштуруучулар Америка бийлигин Венесуэланын мунайына ээ чыгууну көздөп жатканына ишендиришүүдө. Мындай кызыкчылык кандуу кагылыштарга алып келүүсү ыктымал экенин белгилешет.

Эске салсак, АКШ Венесуэладагы саясий кризисте башкы ролду ойноодо. Ал мурунтан эле расмий президент Николас Мадурону сынга алып келген. Оппозиция лидери, өзүн өлкөнүн президенти деп жарыялаган Хуан Гуайдону биринчилерден болуп таанып, ар тараптуу колдоолорду көрсөтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM