Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министирлиги: эми картошканы азайтып, пахтаны көбөйтөбүз

Экономика | 22 Фев 2019 | 983 | 0

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңеште «Республика-Ата Журт» фракциясында жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат угулду. Жыйында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри үрөн, жер семирткич, күйүүчү май жана техникалар жетиштүү экенин айтты. Быйыл жазмык (чечевица), гречка, соя сыяктуу дан азыктарын айдоо жана пахта, тамекини эгүү кыйла пайдалуураак болоору сунушталды.

Ушу тапта өлкөнүн айрым аймактарында жазгы талаа жумуштары башталып калды. Ош облусуна караштуу Араван районунда дыйкандар картошканы айдап жатышат. Дыйкан Пайзилла Мирзабарановдун айтымында, учурда үрөн, техника, күйүүчү май жетиштүү. Бирок күн жылып баштагандан кийин суу тартыш боло баштайт.

-Быйыл Араванда картошка 1 765 гектар жерге эгилиш керек. Учурда 700 гектарына айдалды. Картошка эгилип бүткөн соң башка жумуштарды баштайбыз. Бизде күйүүчү май, жер семирткичтер жетиштүү. Жайда суу маселеси чыгат.

Жазгы талаа жумуштарын маалынан кечиктирбей айдап себүү, агрардык тармакты өнүктүрүү максатында “Айыл чарбасын каржылоо-7″ долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяларды берилип жатат. Анда талаачылык, мал чарбасы, кайра иштетүү тармагында экспортко багытталган 11 азыкка басым жасалууда.

Быйыл дыйкандар үчүн жазмык, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуураак болот. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы да өсө баштады. Ошондон улам, быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Тамекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Орусияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен.

-Быйылкы жылы ар бир региондогу рентабелдүү көп киреше берүүчү жана экспортко багытталган өсүдүктөрдүн түрлөрүн өстүрүү дыйкан-фермерлерге сунушталып жатат. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүүгө өзгөчө көӊүл бурулуп, пайдаланылбай калган айдоо жерлерин өздөштүрүүнүн эсебинен аракеттер болот.  Жер семирткич бар. Ал эми күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча 2019-жылкы айдап-себүүгө 39,1 миӊ тонна дизелдик отун талап кылынат. Бүгүнкү күндө 20,5% камсыз болгон. Айыл чарба техникалары былтыркы менен бирдей деӊгээлде 85-90% даяр.

Өткөн жылы дыйкандарга тиешелүү министрлик картошканы көбүрөөк себүүнү сунуштаган болчу. Ага жараша айыл чарбасы менен алектенгендер картошкага басым жасап, күзүндө сата албай чыгымга учурап калды. Мындай көрүнүш быйыл дагы кайталанбашы керектигин айткан депутат Жыргалбек Турускулов өкмөт экспорттун үстүндө иштөөсү зарылдыгын билдирди.

-Айыл чарбасын тейлеген министрлик жазгы себүү иштеринде дыйкандарга туура багытты анализдеп берсе… Дыйкандардын алган түшүмүн сатуу боюнча жардам берсин. Ага ылайык, экспорт маселесин жолго коюсу зарыл. Ошондо өлкө экономикасы өсүп, дыйкандар да кыйналмак эмес.

Академик Жамин Акималиев министрлик быйыл деле анализ жүргүзбөстөн эле элге дан өсүмдүктөрүн өөстүрүүнү сунуштап жатканын билдирди.

Анын айтымында, азыр сунушталган продукцияны кайда сатыла турганы так айтыла элек. Ошондуктан өкмөт өндүрүлгөн продукцияны экспортоо үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл.

-Министрлик буудайдын айдоо аянтын кыскартуу сунушун дагы берип жатат. Бизди буудай менен казак туугандар камсыз кылат деп ишенишүүдө. Мындан 3-4 жыл мурун Казакстан буудай жибербей коюп, ун кымбаттап кеткен. Нандын баасы жогорулаган.

Эске салсак, өкмөт быйыл дыйкандарды арзан насыя менен камсыз кылуу үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат бөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM