Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк «Мобильниктин» лицензияларын убактылуу токтотту

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 778 | 0

Улуттук банк 21-февралдан тарта төлөмдөрдү кабыл алган «Мобильник» компаниясынын лицензияларын убактылуу токтотту. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.

«Мобильник» компаниясы лицензияны 2015-жылдын май айында алган.

Эске салсак, январь айынын аягында “Мобильник” ишканасы техникалык көйгөйлөрдөн улам ишин токтоткон. Мындан улам аталган ишкананын кызматын колдонуудан “Түндүк электр”, “Ош электр” жана MegaCom компаниялары баш тарткан.

Февралдын башында «Мобильник» фирмасынын жетекчилиги кайрадан техникалык каталардын баары жоюлганын билдирген. Бирок системада кайра катачылыктар байкалып, төлөмдөрдү кабыл алуу кызматы токтотулган болчу.

Кийинчерээк убактылуу кызматташыкты токтотуп туруу боюнча Beeline, О!, «Акнет» интернет кызматы жана Бишкек жылуулук борбору жарыялашкан.

Copyright © 2017 Maral FM