Биз менен байланышыңыз

Дооронбек Садырбаевдин кинофильмдеринин жумалыгын өткөрүү сунушталды

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 739 | 0

“Кинорежиссер Дооронбек Садырбаев тарткан кинофильмдердин жумалыгын жарыяласак туура болот”,-деди депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында.

Мирлан Бакиров белгилүү саясатчы, кинорежиссер, акын Дооронбек Садырбаевдин көзү тирүү болгонунда 80 жашка чыга турганын айтып, анын улуттук маданиятыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымы зор экендигин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, өлкө аймагында Садырбаев тарткан тасмалардын жумалыгын жарыялап турууну сунуштады.

Эске салсак, Дооронбек Садырбаев 70 даректүү фильмдин, 16 көркөм жана теле фильмдердин, 7 прозалык, поэтикалык, публицистикалык китептин автору. Анын көркөм тасмалары эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдардын жеӊүүчүсү болгон. Андан тышкары, мамлекеттик саясатка, өлкөнүн өнүгүшүнө, калк турмушуна байланыштуу 500дөн ашуун курч макалаларды жазган.

Copyright © 2017 Maral FM