Биз менен байланышыңыз

Бакиевдер мекенине кайтууга кызыктар

Саясат | 21 Фев 2019 | 2013 | 0

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары тууралуу кабарлар боюнча билдирүү таратты. Себеби 2010-жылы 7-апрелдеги окуялардагы адам өлтүрүү, коррупция жана мүлктү басып алуу фактылары боюнча Бакиевдерге карата сот өкүмдөрү чыккан.  Эми башкы көзөмөл орган Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башка фактылар боюнча коррупциялык ишмердүүлүгү боюнча териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин билдирди. 

Массалык маалымат каражаттарында мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары Кыргызстанга келиши мүмкүн деген маалымат тараган. Бул боюнча өз кезегинде Башкы прокуратура билдирүү таратты.

Анда мурда козголгон кылмыш иштеринин алкагында оор кылмыштар, анын ичинде 2010-жылы 7-апрелдеги окуялардагы адам өлтүрүү, коррупция жана мүлктү басып алуу фактылары боюнча Бакиевдерге карата сот өкүмдөрү чыкканы айтылат. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматкери Жаркынай Азиева «Маралга» буларды билдирди:

—Эгер Бакиевдер, анын ичинде бир туугандар Адылбек, Марат, Каныбек жана башкалар Кыргызстандын аймагына келсе же алардын азыр жүргөн жерлери аныкталса, жазасын тартууга мажбурланат. Учурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башка фактылар боюнча коррупциялык ишмердүүлүгү териштирилүүдө. Анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Курманбек Бакиевге Апрель окуясы боюнча айып тагылган. Анын негизинде сот Бакиевди 30 жыл, бир тууганы Жаныш Бакиевди жана ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыгарган.

Буга чейин кыргыз бийлиги Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча бир топ эле билдирүүлөрдү чыгарып, аракеттер болуп жатканын айткан. Бирок иш жүзүндө Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Белоруссия менен сүйлөшүүлөр жүгүзүлбөгөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, Бакиевдер бир өлкөдөн экинчи мамлекетке тоскоолдуксуз кирип чыгууда. Демек, аларды издөөгө кыргыз бийлиги тарабынан билдирүү жиберилген эмес.

-Мен бир нече ай мурун Минскиге барып, кээ бир адамдар менен сүйлөшсөм Беларусияда Бакиевдерди экстрадициялоо маселеси бир дагы жолу көтөрүлбөптүр. Бул абдан кызык. Бир туугандар бир мамлекеттен башка өлкөгө чыгып жүргөнүнө жараша аларга токтотуулар жок. Эки мамлекеттин ортосунда экстрадициялоо маселеси боюнча келишимдерди түзүү үчүн даярдоо жумуштары башталышы керек болчу. Бирок революциянын болгонуна 9 жыл болгонуна карабастан аракеттер болбоптур. Кечээ күнү туугандарынын массалык маалымат каражаттарына берген маектерин окуп таң калдым. Иниси Адылбек Бакиев Алматада жүрөт дейт. Биздин укук коргоо органдары аны билсе эмне кылып жүрүшөт?

Акыркы күндөрү Бакиевдердин кыргыз массалык маалымат каражаттарына берген маектери жарыяланууда. Ага ылайык, мурунку президенттин бир тууганы Адылбек Бакиев Бишкекке кайтып келе турганын билдирген.

Анын жергиликтүү массалык маалымат булактарына жарыяланган маегине ылайык, ага эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Мындан тышкары, Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыктар.

-Мекениме кайтуума эч кандай тоскоолдуктар жок. Биз деле Кыргызстандын балдарыбыз, биз үчүн мекенибиз биринчи орунда турат. Мисалы, Курманбек Салиевич Беларусияга кытай инвесторлорун тартып, биотехнологиялык корпорация ачты. Ошону менен бирге инвесторлор долбоорго 2,5 млрд доллар салды. Азыр мен дагы Орусия, Польша жана Кытайдын ири компаниялары менен Кыргызстанга инвестиця тартуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатамын.  Болжолдуу алар Кыргызстанга 100 млн доллар инвестиция алып келишет. Эң негизгиси бизге бийлик тараптын кепилдиги керек. Эгерде кыргыз өкмөтү аларды чакырса, анда мен Кыргызстанга кайтып, иштөөгө даярмын.

Адылбек Бакиев агасы бийликте турганда ишкерлик менен алектенген.

Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосунда кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча Минск келишими бар. Тилекке каршы ал келишимди Белорус президенти Александр Лукашенко аткарбай жатканын саясатчы Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, Бакиевдерди кайтаруу маселесинде кыргыз бийлигинин саясий эрки болушу керек.

-Президенттер бири-бирин колдон келсе сактоого жана келишимди аткарбаганга аракет кылууда. Кийин менин башыма да түшүп калса деген мааниде качып жүргөндөрдү коргоп жатат. Азыр Беларусияда келишимди аткаруу керек деген саясий күч жок. Мен саясатчы катары Бакиевдер качып жүрө берсин деп айтат элем. Бул жакка келсе көп болсо камалышат. Бирок аны жактаган адамдар да бар да. Алардын тегерегинде кыймылдар пайда болуп кетиши мүмкүн.

Укук коргоочу Рита Карасартова Бакиевдердин билдирүүлөрү азыркы бийликке карата жасалууда деп баалады. Ал эң негизгиси бийликтен кеткен адамдардын финансы жагына бөгөт коюу керектигин билдирди.

-Алардын каражатын бууп койгондо кантип жашаарын көрөт болчубуз. Азыр жумушсуздук убагында элдин билими төмөн мезгилде кеткен бийлик тараптан ар кандай митингдерди уюштуруп жиберүү кооптонуулары бар. Анткени акча баарын чечет. Ошондуктан акчаны топтоп алып качкан президенттер каражаттын күчүн колдонуп кетет деген сестенүүлөр болот. Бирок элим адилеттүүлүктү карманып келүүсүнө ишенем.

Эске салсак, Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарды. 2010-жылдагы көтөрүлүштө үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларусиядан башпаанек алган.

Copyright © 2017 Maral FM