Биз менен байланышыңыз

Казакстан Кыргызстандын картошкасын алып кирүүгө тыюу салды

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 967 | 0

Казакстан Кыргызстандын картошкасын өлкөгө киргизүүгө убактылуу тыюу салды. Мындай маалыматты Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев «Маралга» тастыктады. Бирок толук маалымат азырынча бериле элек.

Кыргызстандан картошкадан тышкары, алма жана курма, ошондой эле Өзбекстандан анар алып кирүүгө тыюу салынды. Бул жемиштерде комстока куртунун табылганы жүйө келтирилген. Ал эми картошкада алтын түстүү нематода курту көп кездешип жатканы айтылды.

2018-жылы жана 2019-жылдын январь-февраль айында Казакстанга Кыргызстандан барган продукцияны кароодо 465 жолу фитосанитардык талаптарды бузуу катталган, анын ичинен 59 жолу курттаган продукция аныкталган.

Казак тарап өлкөгө кирген мөмө-жемиштердин абалы талапка жооп бербесе коңшу өлкөлөргө чараны күчөтөрүн эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM