Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын калкынын саны такталат

Коом | 20 Фев 2019 | 1204 | 0

Калкты жана турак жай фондун сынамык түрдө каттоо үстүбүздөгү жылдын 25-мартта башталат. Мындай жараян 3-апрелге чейин улантылып, ал Чүй облусунда жана Токмок шаарынын аймагында өтөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынында билдирди. Отурумда Боронов 2020-жылы өтө турган калкты жана турак-жай фондун каттоого даярдык максатында өткөрүлүүчү ишчараларга токтолду.

-Кыргызстанда  2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо жүрөт.Бул иш-чараларды өз убагында өткөрүү тийиштүү министрликтерге, мекемелерге, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн. Каттоону ийгиликтүү өткөрүү максатында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча  иш-чараларды ишке ашыруунун календарлык планы иштелип чыккан. Ага 35 иш-чара киргизилип, алардын ичинен 10у аткарылган. Өлкөнүн баардык аймактарында административдик-аймактык чек аралар тактала элек. Жаңы көчөлөргө аталыш берүү, турак үйлөргө номерлерди берүү иштери аксап келе жатат.

Акыркы жолу Кыргызстанда калтктын санын тактоо 2009-жылы жүргүзүлгөн. Анда такталгандай элдин саны 5 миллиондон ашкан. Бүгүнкү күндө жарандардын саны 6 жарым миллионго барабар экени айтылууда. Статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун айтуусунда, калкты жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгында 10 жылдагы өзгөрүү такталып, анализ жүргүзүлөт.

-Бул он жылда бир өтүүчү чоң иш-чара болуп эсептелет. Биринчиден элдин санынын өсүүсү, турак жай, жашоо тирикчилигинин өзгөрүүсү жана канча жараныбыз сыртта жүргөнү такталат. Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын санын каттоо боюнча өзүнчө форма киргизгенбиз. Каттоонун жыйынтыгында 2009-жылдан бери кандай өзгөрүүлөр болгонуна анализ жүргүзүлөт.

Калкты жана  турак жай фонддун санын тактоодо кагаз жүзүндө аткарылып келген. Эми заманбап технологиялардын жардамы менен электрондук каттоого өтүшү мүмкүн.  Аткени президент Сооронбай Жээнбеков статистика комитетинин төрагасын кабыл алганда, кайра каттоону электрондук түрдө жүргүзүлүүсүн талап кылды.

Буга Борбордук шайлоо комиссиясы менен жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аталган комиссиянын төрайымы Нуржан Шайылдабекова калкты кайра тактоо 2020-жылы парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам болоорун билдирди.

2020-жылы парламенттик шайлоо болот. Каттоонун жыйынтыгы биз үчүн өтө маанилүү. Анткени шайлоочулардын тизмеси такталат. Стратегиялык жактан абдан жакшы пландаштырылган процесс болууда. Буйурса чогуу иштеп каттоо жана шайлоо процессин жакшы координациялык жол менен алып барсак, башкаруу процессинде, уюштуруу иштеринде ресурстар үнөмдөлүп жана финансылык процесстер оптимизацияланат.

Белгилей кетсек, календарлык планды аткаруунун алкагында калктуу жерлердин жана көчөлөрдүн аталыштарын кайра атоого 2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин мораторий жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM