Биз менен байланышыңыз

Берни Сандерс АКШнын президенттигине талапкерлигин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 650 | 0

АКШнын конгрессинин депутаты 78 жаштагы Берни Сандерс 2020-жылкы президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактарына кабарлады.

Ал учурдагы президент Дональд Трамп Американы уяткарып жатканын айтып, аны «жалганчы» деп атады.

Эч бир партияга мүчө болбогон Сандерс 2016-жылдагы шайлоого Демократиялык партиянын атынан катышып, кийин Хиллари Клинтонго жол бошоткон. 2020-жылкы шайлоодо да мурунку программасы менен чыгарын белгиледи. Тактап айтканда, минималдык айлык акынын көлөмүн жогорулатуу, миграция саясатын реформалоо ж.б.

Берни Сандерс Конгресске 2006-жылдан бери эң көп ирет шайланып келген эл өкүлү болуп саналат.

Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрында өтүп, төрт жылдык мөөнөткө шайлайт. Алдын ала божомолдор боюнча ага учурдагы президент Трамптан башка бир топ губернатор, сенаторлор катышары күтулүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM