Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Баткенге барат

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 643 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан маалымдашты.

Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушат. 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болот.

Мамлекет башчысы бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM