Биз менен байланышыңыз

Өкмөт өзүн «тазалоого» киришти

Саясат | 20 Фев 2019 | 861 | 0

Өткөн аптада өкмөт башчы бир топ министр, жетекчилерге сөгүш жана эскертүү берди. Ошону менен бирге айрым район акимдерин жумуштан алуу чечимин кабыл алды. Себеби айрым жетекчилер өкмөттүн 2018-жылга койгон иш пландарды толук аткарган эмес. Бул өз кезегинде өкмөттүн ишин жакшыртууга карата чечим катары бааланды.

Тейлеген багыттары боюнча жетишсиз иши жана кетирген кемчиликтери үчүн Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, Экономика министри Олег Панкратов жана Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге сөгүш жарыяланган. Мындан тышкары агенттик, мамлекеттик кызматтын, инспекциянын жетекчилерине жана министрдин орун басарларына дагы эскертүү берилген.

Ал эми аймактарды өнүктүрүү жылына карата иш пландарды аткарбагандыгы үчүн облус жана район жетекчилери да сөгүш алышты. Ошондой эле жети акимди кызматтан алуу сунушталган.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ар бир жетекчиде өзү башкарып жаткан тармакка күйүп иштөө сезими болуу керектигин билдирди. Бирок ушул кезге чейин эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдон башкасы өнүгүүгө багытталган бир дагы сунуш берген жок деп сындады.

-Биз ишибизге күйгөндү сезбей жатабыз. Мындай демилгени ишке ашыралы деп сунушту ким берди? Айлыкты алып, система иштеп жатат, эрте менен жумушка келип, кечинде кетебиз деп эле жүрөсүңөр.

Деген менен премьер-министрдин берген сөгүшү аткаруу бийлигинин ишинин жакшыртууга натыйжасын бербейт дегендер бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Бакыт Рыспаев өкмөттө кызматкерлердин ишин баалоо механизми жок деп сындады.

Анын айтымында, жетекчилерге саясий кызыкчылыктан улам эле эскертүү же сөгүш берилип калууда. Балким ал кызматкер берилген ыйгарым укугунун чегинде күчүн жетишинче иштеп жатат.

-Иштебеген кызматкерге чара көрүү сөзсүз болушу керек. Андай кылбаса иш жылбайт. Бирок кызматкерлерди баалоо критерийи болуу зарыл. Бизде көптөн бери баалоо критерийи жок. Кээде иштеп жаткан эле адамга чара көрүлүп калган учурлар болот. Айрым учурда такыр иштебеген адамга наам берилип калат. Ошону үчүн өкмөт баалоо критерийин аныктап чыкпаса, көп учурда саясий кызычылыктар менен чара көрүлүп калууда. Иштебей жаткан кызматкерге эмне себептен чара көрүлүп жатканынын жазасы боюнча так аныктама берүү керек. Азыр жумуштан кетип жаткан адам деле, жаза алган адам деле эмнеге чара алып жатканын билбей калат.

Акыркы убактарда Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген министрлер кабинетинин ишине сын-пикирлер көп айтылып келе жатат. Айрым серепчилер жаз айларында өкмөттүн отставкасы күтүлүүдө деп божомолдоодо. Мындан улам Мухаммедкалый Абылгазиев кыймылдай баштаганын саясат талдоочу Марс Сариев айтты.

Анын баамында, өкмөт башчы жакшы иштебеген жетекчилерди буга чейин эле жазалашы керек болчу. Азыр эми кеч болуп калды.

-Өкмөт албетте оставкага кетет. Абылгазиев жазда же Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке келгенден кийин кызматтан алынат. Ошого азыр кыймылдай баштады. Мындай чечимдерди эртерээк кабыл алганда абал азыркыдай болбойт эле. Айрымдарын отставкага кетиргени туура. Бирок система кризиске кабылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн ишин алдыга жылдырууда сөгүш берүү жакшы жыйынтык бербей турганын билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлерге жаза катары айлыгынан кармап калуу чарасы натыйжалуу болот.

-Бизде администрациялык реформаны жасоо керек. Акимдердин ыйгарым укуктарын көбөйтүп берели. Жумуштарды аткарууга жетишээрлик укугу жок. Бизде көбүнчө борбордук аппарат жана министрликтер чечет. Бирок алар аймактардын көйгөйлөрүн так билбейт.  

Буга чейин премьер-министр тоо кен тармагындагы коррупциялык иштер боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш берген. Анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык кызматтан алган.

Эске салсак, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде ишин баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM